"Эйр Кыргызстан" ААКнын атайын администратору кредиторлорду кезексиз чогулушка чакырат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Банкроттук жол-жобосун колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын атайын администратору кредиторлордун кезексиз чогулушун чакырат, ал 27-февралда өтөт.
Жыйында кредиторлорго компания тууралуу атайын администратор тарабынан даярдалган маалыматтар берилип, авиакомпаниянын банкрот болушуна байланыштуу башка маселелер талкууланат.