Төрага Шакиев Алай районундагы жолдордун абалы менен таанышты

10.11.2022, 14:32 Акчабар
Төрага Шакиев Алай районундагы жолдордун абалы менен таанышты

Бүгүн, 10-ноябрда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районуна иш сапары менен барды. Анын алкагында аймактагы жолдордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө унаа жолунун асфальтталган бөлүгүнүн ачылышына катышты. Шакиев жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда жолдор мамлекеттин негизги транспорттук күрөө тамыры экенин белгилеп, өлкө жетекчилигинин социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, анын ичинде шаар жана айыл жолдорун курууга жана оңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

“Эгерде жолдорубуз жакшы болсо, жашоонун сапаты да жакшырат. Ошондуктан, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп эсептелет. Албетте, алыскы калктуу конуштардын жолдорун оңдоо иштери улантылат. Тактап айтканда, Алай жана Кара-Кулжа райондорун бириктирген жол салынса, бул жергиликтүү экономикага чоң жардам болот”, - деди ал.

Мындан тышкары, жолугушууда жергиликтүү калк менен курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча пикир алмашуу болду.

Андан ары төрага Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте Гүлчө айылындагы Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатында болуп, анын имараты менен таанышты. Мугалимдер жамааты 1977-жылы курулган мектеп-интернатта 337 бала билим алып жатканын маалымдашты. Аталган мектептин жылуулук системасын жаңылоо менен бирге терезелерин, чатырларын толук алмаштыруу керектиги айтылды. Мугалимдер бул мектепке лицей статусун берүү зарылдыгын белгилешти. 

Төрага Нурланбек Шакиев бардык көтөрүлгөн маселелер каралаарын белгилеп, тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнө мектеп-интернатты лицейге айландыруу сунушун кароону тапшырды.

 

Тэги: Нурланбек Шакиев Жогорку Кенеш Алайский район главные новости новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу