Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов отставкага кетти

05.10.2022, 11:49 Акчабар
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов отставкага кетти

Жогорку Кенештин төрагасы Талант Мамытов отставкага кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

“Мага берилген милдеттерди аткарууга бардык аракетимди жумшадым. Көптөгөн жакшы иштер жасалды, анын ичинде “Кумтөр” маселеси да бар. 7-чакырылыштын депутаттары өлкө үчүн маанилүү чечимди чыгарды. Мен үчүн биздин чечимдер өлкөгө пайда алып келиши абдан маанилүү”,-деди ал.

Талант Мамытов отставкага кеткенин жеке чечими экенин белгиледи.

Ал кызматтан кетүүсүнө өткөн аптада парламентте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен өткөн жыйында болгон окуя себеп экенин, өз чечими менен кызматтан кетип жатканын билдирди.

«Жакында парламентте окуя болду. (…). Ал массалык маалымат каражаттарына да чыгып кетти. Мен ошондо эле арыз жазып, Баткенге кетейин дегем. Бирок депутаттардын суранычы боюнча, милдеттеримди убактылуу түрдө орун басарыма жүктөдүм. Бүгүн өз ыктыярым менен кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым», — деди ал. 

Тэги: новости Кыргызстана Талант Мамытов отставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу