Ушул жылдын 28-февралына карата каржы-кредиттик уюмдарга Баткен жана Ош облустарынан куралдуу кагылыштан жапа чеккен 514 насыя алуучу кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
514 кредиттин 377си 36,2 миллион сомго эсептен чыгарылса, 66,5 миллион сомго 227 кредит реструктуризацияланган.
"2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 28-февралына чейин ФКО тарабынан 2 миллиард 799,9 миллион сомго 27 миң 207 кредит каралып, артыкчылыктуу тартипте берилген. "Кепилдик фонд" ААК 254,4 миллион сомго 232 кредит боюнча 115,5 миллион сом суммасында 228 кепилдик берген", — деп белгилейт жөнгө салуучу орган.
Учурда каржы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардын арыздарын кароону улантууда.