Он эки млн сомго бааланган спорт комплекс болгону үч млн сомго курулган

06.12.2022, 16:39 Акчабар
Он эки млн сомго бааланган спорт комплекс болгону үч млн сомго курулган

Кемин райондук прокуратурасы ЖЧКга мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Эки жыл мурун 2020-жылы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен “Б” ЖЧКсынын ортосунда жалпы баасы 12 миллион 35 миң сомдук кичи спорт комплексин куруу боюнча келишим түзүлгөн. 

Аталган келишимдин шарттары боюнча акча которуу тиешелүү иштер аяктагандан кийин жүргүзүлүшү керек экендигине карабастан, айыл өкмөттүн жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып негизсиз түрдө 11 млн. 17 миң сом “Б” ЖЧКсынын эсебине акча которушкан.

Бирок ишкана тарабынан 3 миллион 591 миң сомго курулуш иштери жүргүзүлүп, спорт комплекси пайдаланууга берилген. Калган 7 миллион 426 миң сом өз кызыкчылыгына жумшалган. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирилген.

 

Тэги: экономика коррупция новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу