Кечээ, 18-январда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 200 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Ошентип, банктар 350 миң долларды сатып алган 17-январга карата валютага суроо-талап 43% төмөндөгөн. Белгилей кетсек, бир күн мурун банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап да 86,27%га кыскарган.
Аукциондо АКШ валютасынын баасы 2022-жылдын 20-декабрындагы деңгээлинде 85,68 сом болду.