Кечээ, 12-декабрда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 1 миллион 450 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Өткөн жума, 9-декабрга салыштырмалуу валютага суроо-талап 82,63%га кыскарды.
Кошумчалай кетсек, америка валютасынын аукциондогу баасы 6-декабрдан бери 84,95 сом болууда.