ЕАЭБде чекене товар жүгүртүү Кыргызстанда эң көп өскөн

20.10.2022, 12:49 Акчабар
ЕАЭБде чекене товар жүгүртүү Кыргызстанда эң көп өскөн

Быйылкы жылдын январь-август айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чекене товар жүгүртүүсү (бардык бөлүштүрүү каналдары боюнча) 433,8 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чекене соода 4,2%га азайган. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.

Жалпы товар жүгүртүүдөгү негизги үлүшү Россияга туура келген — 392 миллиард 19,7 миллион доллар, бирок 2021-жылга салыштырмалуу чекене соода жүгүртүү 4,9%га кыскарган. Ушундай эле динамика Беларуста да белгиленип, быйыл ЕАЭБде 16 миллиард 394,6 миллион доллар жүгүртүү менен 3-орунду ээлеп, былтыркыга салыштырмалуу төмөндөө 2%ды түздү.

Оң динамика Казакстанда жана Арменияда (+2,1%) жана (+3,6%) белгиленген.

Кыргызстанда сооданын көлөмү 3 миллиард 342 миллион долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 10,4% өстү.

Тэги: новости Кыргызстана ЕАЭС розничная торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу