Онлайн таксиге төлөнгөн сумманын орточо эсеби 24,3% га өстү

29.11.2022, 16:14 Акчабар
Онлайн таксиге төлөнгөн сумманын орточо эсеби 24,3% га өстү

Кыргызстанда таксиге онлайн жол акысын төлөөдө орточо баалар өскөн. Муну төлөм уюмдары аркылуу ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдөгү төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалыматтар тастыктоодо. 

Быйылкы жылдын үчүнчү кварталында кыргызстандыктар төлөм уюмдарынын жардамы менен такси кызматына 293,8 миллион сом төлөштү.  Жалпысынан 1 млн 859,1 миң транзакция жүргүзүлгөн. Интернет аркылуу төлөнүүчү таксилердин орточо эсеби 158 сомду түздү.

Ошол эле учурда, бир жыл мурун онлайн төлөмдөрдүн негизинде такси менен жүрүүнүн орточо баасы жана акы төлөнүүчү жол жүрүүлөрдүн жалпы суммасы 127,2 сомду түзгөн. Башкача айтканда, такси кызматтарына бир жылда орточо эсеп 24,3%га өскөн.

Айта кетсек, такси кызматтары үчүн онлайн төлөмдөр да көбөйгөн. Өткөн жылга карата 679,5 миң транзакцияга же 57,6%га көп болсо, ал эми төлөм уюмдары аркылуу төлөмдөрдүн жалпы чыгашасы 95,9%га көп болгон.

 

Тэги: новости Кыргызстана услуги такси деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу