Ошто көмүрдүн орточо баасы алты миң сомдон ашты

02.11.2022, 15:21 Акчабар
Ошто көмүрдүн орточо баасы алты миң сомдон ашты

Ошто көмүр сатуучу 15 пункт ачылып, андагы баа 6 миң сомдон 7,5 миң сомго чейин жетет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынында айтылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

“Ошто 15 жерде көмүр сатуу пункттары уюштурулган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, шаар калкына жылуулук берүү мезгилинде 22,6 миң тонна көмүр керек болсо, учурда анын 18,75 миң тоннасы даярдалып, 82,9%ды түздү. Бир тонна көмүрдүн баасы сапатына жараша 6-7,5 миң сом. Шаардын ар бир муниципалдык аймактык башкаруусунда 2ден, Жапалак айылдык аймактык башкрамалыгында 3 пункттан көмүр сатуучу пункттар ачылган”, - деп белгиледи вице-мэр.

Өз кезегинде шаар мэри Алмаз Мамбетов Монополияга каршы кызматка көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү иштерди баштоону тапшырды.

Тэги: экономика новости Кыргызстана уголь Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу