Ипотекалык насыялоо мөөнөтү 25 жылга чейин өзгөртүлөт

27.10.2021, 11:58 Акчабар
Ипотекалык насыялоо мөөнөтү 25 жылга чейин өзгөртүлөт

"Мамлекеттик ипотекалык компания" курактык чектөөлөрдү алып салат жана жарандардын "Менин үйүм 2021-2026" турак-жай программасына жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында маалымдалды.

“Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору иштелип чыкты, анда ипотекалык насыялоонун мөөнөтү боюнча негизги жоболор кайра каралат. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева менен биргеликте иштелип чыгып, учурда коомдук талкуулоо үчүн парламенттин расмий сайтында жарыяланды.

Бул мыйзам долбоорунун максаты - ипотекалык насыялоо мөөнөтүн 25 жылга чейин өзгөртүү жана насыяны төлөө учурундагы жаш куракты 65 жаштан 70 жашка чейин көтөрүү. Бул 70 жашка чейинки жарандарга программага катышууга жана жеңилдетилген шарттарда турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө сапаттуу таасирин тийгизет деп болжолдонууда.

Тэги: ГИК КР ипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу