«Камбарата-2» ГЭСи үчүн насыяны иштетүү кечиктирилгендиктен бюджет 19 млн сом чыгымга дуушар болду

20.10.2021, 09:01 Акчабар
«Камбарата-2» ГЭСи үчүн насыяны иштетүү кечиктирилгендиктен бюджет 19 млн сом чыгымга дуушар болду

ЭӨБдөн алынган "Камбарата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредитти пайдалануу кечеңдеп жаткандыгына байланыштуу республикалык бюджеттен банкка 18,8 миллион сом өлчөмүндө комиссия төлөндү.

Эске салсак, 2016-жылдын 23-сентябрында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши Кыргызстандын суранычы боюнча Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын "Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү" үчүн 138 миллион доллар суммасындагы инвестициялык насыя долбоорунун корутундусун жактырган. Анын 110 миллион долларын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду берген.

 

Кошумчалай кетсек, 2020-жылы келишимдерге ылайык кредиттик ресурстар өз убагында иштетилбегендиктен, тышкы кредиторлорго пайдаланылбаган акча каражаттары үчүн 95,2 миллион сом өлчөмүндө комиссия төлөнгөн. Бул сумма бюджеттин жоготуулары 232,1 миллион сомду түзгөн 2019-жылга караганда 2,5 эсеге аз, бирок ошентсе да маанилүү.

"Бул 2020-жылга республикалык бюджеттен каражаттын жоголушуна алып келди. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн административдик чараларды күчөтүүнү сунуштайбыз, кредиттик ресурстарды ишке ашыруудагы үзгүлтүктөргө жана өз убагында пайдаланууга жол бербөөгө чакырабыз",- деп жазылган Эсеп палатасынын корутундусунда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу