Вашингтон 10-майдан тарта 10% дан 25% чейин кытай товарларына салыкты көбөйтөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирген.
Кытайдын товарлары $325 млрд чейин эч кандай салык салынбай келген. Эми аларга 25% салык салынат.
« Он ай аралыгында Кытайдан Америкага жогорку технологиядагы продукциялар $50 млрд чейин келген болсо, эми аларга 25% салык жана башка продукцияларга 10% — салынат. Эми 10% дан 25% чейин ушул жумага чейин жогорулайт», — деп билдирген ал Twitter баракчасынада.
мындан тышкары, Трамп кытай товарлары $325 млрд чейин салык салынбай келген, эми аларга 25% салык салынат деп билдирди.
«Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, өтө жай », — деп билдирди ал.
2018-жылы декабрдын башында Трамп менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Аргентинада жолугушуканда үч ай аралыгында соода сатык келишимине келишкен. Анда АКШ лидери 2019-жылдын 1-январынан тарта тарифтерди $200 млрд чейинки кытай товарларына салык салбоо чечими чыгарылган. Учурда бул жеңилдетилген мөөнөт 1-мартта аяктаган. Бирок, АКШ президенти сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда бааны көтөрбөө тууралуу билдирип келген.