Жер титирөөдөн кийин Стамбул биржасы дээрлик 10%га кымбаттады

16.02.2023, 17:30 Акчабар
Жер титирөөдөн кийин Стамбул биржасы дээрлик 10%га кымбаттады

Түркияда жер титирөө болгондон кийин Стамбул биржасы беш күнгө жабылган. Түрк бийлиги фонддук биржаларды колдоо үчүн бир катар эрежелерди киргизүүнү талап кылып, мекемеге каражаттардын агымын көбөйтүүнү тапшырган. Бул тууралуу TRT World жазды. 

Маалыматка ылайык, Стамбул биржасы жер титирөөдөн кийин жабылгандан соң кайра ачылганда дээрлик 10%га кымбаттады. 

"Түрк акциялары өкмөт көргөн чаралардан улам рыноктук интервенциядан пайда көрдү. Мунун баары бир жума мурун базар жабылгандан кийин кыйроонун алдын алууга багытталган", - деди Equiti Capital компаниясынын башкы макроэкономисти, талдоочу Стюарт Коул. 

Ошондой эле, ал мамлекет расмий колдоо кылбаса инвесторлордун абалы оор болор эле деген оюн айтты. 

Кошумчалай кетсек, түрк бийлиги жаңы эрежелерди, анын ичинде компаниянын акцияларын кайра сатып алуу программаларын стимулдаштыруу жана пенсиялык фонддун акциялары үчүн милдеттүү төлөмдөрдү көбөйтүү чараларын киргизди.

Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирияда катуу жер титирөө катталган. Зилзалада 40 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрады. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу