Статком: январда өсүмдүк майы, картошка жана жумуртканын баасы өстү

18.02.2021, 14:00 Акчабар
Статком: январда өсүмдүк майы, картошка жана жумуртканын баасы өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь айында былтыркы жылга салыштырмалуу республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 54,6 пайызга, картошкага - 46,3 пайызга, жумурткага - 35,4 пайызга, кумшекерге - 33,1 пайызга, этке - 27,5 пайызга, унга - 16,5 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 15,1 пайызга, макарон азыктарына - 16,6 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,9 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 % пастеризацияланган сүткө - 5,5 пайызга, нанга - 5,2 пайызга, балыкка - 3,3 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы белгиленди.

Ошол эле учурда таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган.

Аны менен бирге баалар уйдун бооруна - 9,3 пайызга, картошкага - 4,6 пайызга, кой этине - 4,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 3,8 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага - 3,5 пайызга, (анын ичинен жумурткага - 11,1 пайызга), тоңдурулган балыкка - 2,6 пайызга, эрүүчү накта кофенин - 2,3 пайызга, нанга - 1,1 пайызга, кумшекерге - 0,9 пайызга, таруунун - 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди.

Аны менен катар накта балдын (1,8 пайызга), вафелдик тортунун (0,5 пайызга), ышталган балыктын (0,2 пайызга), куюп сатылуучу сүттүн (0,2 пайызга), күрүчтүн (0,1 пайызга) жана гречиха акшагынын (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

Тэги: өсүмдүк майы картошка жумуртка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу