Кыргызстанда ААКтарды тышкы башкарууга расмий уруксат берилди

14.06.2021, 15:00 Акчабар
Кыргызстанда ААКтарды тышкы башкарууга расмий уруксат берилди

Президент Садыр Жапаров "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду кабыл алууну колдоду. Эми ага убактылуу тышкы башкаруу жөнүндө 65-берене киргизилген. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр акционердик коомдордо жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, таасир этүү аймагында иштеген же жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна токтоосуз коркунуч келтирген тышкы башкарууну киргизүүгө мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тэги: горнорудка акционерное общество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу