“Бакай Банк” ААКнын акционери Стелла Ибрагимова компаниядагы үлүшүн көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Алсак, эгерде мурда ага 4 млн 969 миң 644 акция (4,5039%) ээ болсо, анда өзгөртүүдөн кийин уставдык капиталдагы үлүш 12,3568%га чейин өскөн. Акциялардын саны 13 млн 634 миң 510 даана болду.
Кошумчалай кетсек, өзгөртүүлөр 25-декабрдан тарта күчүнө кирет.