Кыргызстан климаттык өзгөрүүгө жана аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө коз каранды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматында сел, кургакчылык, жер көчкү жер титирөө кыргыз экономикасынын ИДП 1-1.5% чыгаша келтирүүдө.
Кыргызстандагы кырсыктардын алдын алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жылдык болжолдосу Бишкекте жарыяланды. Анда, банктын климаттык өзгөрүүлөр боюнча адиси Натан Райв скайп аркылуу маалымат берди.
«2100-жылы дүйнө жүзүндөгү темпиратура 5 градуска жогорулайт. Андыктан, азыртадан эле Кыргызстанда климаттын өзгөрүүсү байкалып, мөңгүлөр эрүүдө. Жылдан жылга кардын жашы азайят. Ошондуктан Сырдарияда суунун көлөму азаят, – деп билдирди «2019-2020-жылдарга карата Азиянын өнүгүүсү» тууралуу жылдык жоопчотто – Кыргызстан сейсма активдүү тоолуу аймакта жайгашкандыктан, сел жүрүү, көчкү, кар бороондорун күтүүгө болот» -деп кошумчалады ал.
Өзгөрүлүп жаткан климатка жана анын алдын алуу кымбатка турат. Өнүгүп келе жаткан мамлеекеттерде климаттык кырсыктарга 140-300 млрд долларга чейин жумшалса, Кыргызстандын болжолдуу чыгашасы 2 млярд долларга болжонду.
Азия өнүктүрүү банкы жаратылыш кырсыктарын азайтуу жана алдын алуу максатында Кыргызстанга сууну үнөмдү пайдалануу, энергоэффективдүү булактарды колдонуу, калк арасындагы экологиялык сабаттуулукка көңүл бурууга чакыруу сыяктуу сунуштарды берди.