Кыргызстандагы мектептер 58 млн сомдук компьютерлер менен жабдылды

07.03.2024, 11:32 Акчабар
Кыргызстандагы мектептер 58 млн сомдук компьютерлер менен жабдылды

ЮНИСЕФтин жардамы менен Кыргызстанда жалпы баасы 58 млн сомдон ашык (650 миң доллар) болгон 100 компьютердик класстар жабдылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жабдууларды алган мектеп окуучулары биринчи улуттук онлайн сабакка катышты.

Министрлик жабдуулар сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана COVID-19нун билим берүү системасына тийгизген таасирин азайтуу долбоорунун алкагында Жапон өкмөтү тарабынан каржыланганын белгиледи. Долбоор Бишкек, Ош шаарларындагы жана өлкөнүн аймактарындагы жаңы имараттардагы мектептерди камтыды.

Тэги: образование Минобраз компьютеры ЮНИСЕФ новости Кыргызстана Япония

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу