Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун баасы 887 млн долларды түзөт

08.03.2023, 09:45 Акчабар
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун баасы 887 млн долларды түзөт

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун долбоорунун жалпы баасы 887 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талант Солтобаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоордун биринчи фазасы 400 миллион долларды, экинчиси 300 миллион долларды түздү.  Бул эки фаза Кытайдын Эксимбанкы тарабынан каржыланат. Долбоордун үчүнчү фазасын Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылайт. 

“Мындан тышкары, биз коопсуздук талаптарына жооп берүү үчүн кошумча галереяларды жана кардан коргоочу конструкциялар үчүн 56 миллион доллар каражат издеп жатабыз”, - деди министрдин орун басары. 

Анын айтымында, бир чакырым жолго 2 миллион доллар сарпталат. 

“Бул чыгым туннелди жана эстакадалык көпүрөлөрдү курууну эске алуу менен чыгып жатат. Туннел өзүнчө 136 миллион доллар турат. Анын баарын кошуп, чакырымга бөлсөк 2 миллион доллар болот”, - деп түшүндүрдү Талант Солтобаев.

 

Тэги: новости Кыргызстана Минтранс КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу