2019-жылдын декабрь айынын соңунда, Бишкек шаардык депутаттар шаардын борборун деталдык пландаштыруу планын кабыл алышкан. Буга байланыштуу коомчулукта, бул чечим аркылуу муниципалитет жеке менчик жерлерди күч менен тартып алат деген пикир жаралган.
Коомчулукта жаралган бул талаш-тартышка шаар мэриясы, «деталдык пландаштыруу планы шаар тургундарынын жерлерин тартып албайт жана мурун курулган объектилерди мыйзамдаштырбайт», — деген жообун берди.
«ДПП (деталдык пландаштыруу планы) техникалык документ катары эсептелинет жана имараттарды курууда тиийиштүү талаптарды орнотуп, баш аламандыкка жол берилбейт (мисалы, имараттарды жыш куруп салуу, жөнгө салуу, транспорт жана инженердик камсыз кылуу). ДПП ишке ашырууда, бир дагы шаар тургундарынын жеке менчик мүлктөрү күч менен сатылып же тартылып алынбайт», — деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн деталдык пландаштыруу долбоору, КР мамкурулуш астындагы шаар куруу жана архитектура мамалекеттик долборлоо институту астында иштелип чыккан.