Бишкектин биринчи май акимиаты стихиялуу сооданы жоюу боюнча иш алып барууда. Анын алдында администрациянын өкүлдөрү Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде рейд өткөрүштү, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Рейддин жыйынтыгында сегиз стихиялуу соода түйүнүнө 12 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгиленгендей, буга чейин сатуучуларга Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун аткарылышы жана административдик жоопкерчилик жөнүндө эскертүү берилген.