Мамлекеттик салык кызматы төрт айда 12 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, ушул жылдын январь-апрель айларында 12 миллиард 20,7 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Белгиленген план 103,2% га, же 370,7 млн сомго ашыкча аткарылды.
Эске салсак, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 миллиард 637,1 миллион сомго көп чогултулган же өсүү темпи 115,8% түзгөн.