Озерное айылындагы мектептин курулушу 85% га бүттү

21.06.2021, 11:40 Акчабар
Озерное айылындагы мектептин курулушу 85% га бүттү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное айылындагы мектептин курулушу 85% га бүттү. 375 окуучуга ылайыкталган объекттин курулушу өткөн жылдын октябрь башалган. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө подрядчик тышкы электр кабелин төшөө иштерин, ошондой эле дубалдардын жана шыптардын ички сырдоолорун бүткөрдү. Учурда ички жасалгалоо, тышкы фасад жана көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Долбоорго ылайык, бул мектептин курулушунда билим алуу үчүн бардык шарттар каралган. 

Объекттин сметалык баасы 1 млн 526 миң 804 долларды түзсө, анын 795 миң 927 доллары каржыланган. Мектептин курулушун жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалууда.

Тэги: Госстрой село Озерная Чуйская область школа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу