Баткенде үч мектептин курулушу 2021-жылдын аягында бүтөт

31.05.2021, 12:30 Акчабар
Баткенде үч мектептин курулушу 2021-жылдын аягында бүтөт

Сауд Арабиянын фондунун эсебинен Баткен шаарында 375 окуучуга ылайыкталган мектеп, ошондой эле Лейлек районунун Голбо айылында жана Кадамжай районунун Чуңкур-Кыштак айылында 275 окуучуга ылайыкталган эки билим берүү объектиси курулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул объектилердин курулушу 2020-жылы башталган, анын сметалык баасы 2 млн 918 миң 747 долларды түзсө, анын 1 млн 590 миң 140 доллары каржыланган.

Белгиленгендей, подряддык уюмдар ички жана тышкы жасалгалоо, электр жумуштары, ошондой эле мектеп үчүн спорттук залдар үчүн темир конструкцияларды орнотуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Мектептердин курулушун 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Тэги: Госстрой Саудовский фонд развития строительство школы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу