Студенттерден мыйзамсыз 300 миң сом чогулткан кызматкер кармалды

30.05.2024, 17:15 Акчабар
Студенттерден мыйзамсыз 300 миң сом чогулткан кызматкер кармалды

Ош облусундагы Б.Сыдыков атынагы кыргыз-өзбек университетинин деканынын орун басары студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинде 27-29-майда Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик сынак өткөн. Факультеттин деканынын орун басары Д.Д. уулу сынактык комиссиянын 5 мүчөсү менен сүйлөшүп алып, студенттердин сынакты тапшыруусуна бут тосуп, ар биринен 1,5 миң сомдон акча талап кылышкан.

Алдын ала эсеп боюнча эки күн ичинде студенттерден 300 миң сомго жакын акча чогултулган.

28-майда “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Д.Д. уулу УКМК тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды териштирүү иштери жүрүүдө

 

Тэги: студент мыйзамсыз акча чогултуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу