Студенты из КР смогут изучать IT-технологии в Южной Корее

29.03.2019, 14:00 Акчабар
Студенты из КР смогут изучать IT-технологии в Южной Корее

 Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Динара Кемелова Сонгюнгван (Sungkyunkwan University) университетинин Деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту.

Элчи Д. Кемелова өлкөбүздү санариптештирүү, ошондой эле адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик курсту белгилеп, Кыргызстан үчүн билим берүү программаларын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Маалымат технологиялар” багытында окууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына Сонгюнгван университетинде магистердик стипендиялык программаларды берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Маектешүүчүлөр жогорку окуу жайлар аралык кызматташуу боюнча макулдашууларды түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө корея тарабы Кыргыз Республикасынын мектептеринде иштеп жаткан мугалимдерин, ошондой эле Жогорку окуу жайлардын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө окуп жаткан студенттерин окутуу жана билим менен алмашуу максатында Сонгюнгван университетинин профессордук жана студенттик курамындагы тобун Кыргызстанга жиберүү планы жөнүндө маалымдады.

Тэги: Sungkyunkwan University квоты IT-технологии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу