Кыргызстанда ЭКБ субъекттери киреше салыгынан бошотулат

10.02.2022, 13:32 Акчабар
Кыргызстанда ЭКБ субъекттери киреше салыгынан бошотулат

Энергетика министрлиги тарабынан “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, кубаттуулук квоталарына, электр энергиясын сатуу боюнча ишмердикти лицензиялоого, сынак өткөрүүгө талаптарды алып салуу сунушталды.

“Кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан бошотулуп, өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда”,- деп билдиришти министрлер кабинетинен.

Кошумчалай кетсек, Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук реформаны жүргүзүү максатында, министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Азиз Аалиевдин жетекчилиги астында мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Тэги: ВИЭ налог на прибыль Минэнерго

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу