Баткен облусун жылына 1,5 млрд сомго чейин субсидиялоо максатталууда

06.12.2022, 12:13 Акчабар
Баткен облусун жылына 1,5 млрд сомго чейин субсидиялоо максатталууда

Облус боюнча мамлекеттик программага субсидияларды 500 миллион сомдон 1,5 миллиард сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Мунун алкагында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев демилгеледи. 

Өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документте Баткен облусунун 2035-жылга чейинки коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасы жана аны ишке ашыруу мөөнөттөрү курч талаптарга, Баткен облусунун өнүгүүсүнө жана бүгүнкү турмуш чындыгына жооп бербейт деп көрсөтүлгөн. 

“Белгилей кетүүчү нерсе, мамлекеттик программаны ишке ашыруу мөөнөттөрү реалдуу, конкреттүү жана эффективдүү болушу керек. Мында экологиялык көйгөйлөрдөн улам мезгил-мезгили менен келип чыккан аймактагы өзгөчө кырдаалды, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо  боюнча чечилбеген көйгөйлөрүн эске алуу керек”, - деп жазылган документте.

Маалыматта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Баткен облусу республиканын башка аймактарынан бир топ төмөн экендиги, ошондуктан жыл сайын жогоруда аталган мамлекеттик программаны мамлекет тарабынан кошумча субсидиялоонун зарылчылыгы келип чыккандыгы айтылат. Анда субсидиялоону 1,5 миллиард сомго чейин көтөрүү, ал эми мамлекеттик программаны ишке ашыруу мөөнөтүн жыл сайын тактоо жана тиешелүү узартуу менен 5 жылдык мөөнөткө белгиленген. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика законопроект Баткенская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу