Сот департаменти келтирилген зыяндын ордун толуктады

31.10.2022, 16:07 Акчабар
Сот департаменти келтирилген зыяндын ордун толуктады

УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында сот тутумуна берилген санариптик жабдыктардын кымбаттаткан фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эки жыл мурун, 2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында өлкөнүн сот тутумуна 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага жабдуулар сатылып алынганы аныкталган.

“Тергөө иштеринин алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке компаниялардын өкүлдөрү менен өз ара сүйлөшүп алган. Алар товарларды жеке баюу максатында өз баасынан ашыкча баалашкан», - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Кыргызстандын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

Тэги: судебный департамент ГКНБ КР суд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу