Эсеп палатасы 2019-жылга Айыл чарба министрлигинде жана ага баш ийген бөлүмдөрдө бюджеттин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетту карады. Аудиттин жүрүшүндө 7 миллион 854 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Каржылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасынан 4 миллион сомдон ашык эмгек акыны негизсиз төлөөгө жумшалган. Ошондой эле бош орундарга 36 адам сынаксыз кабыл алынгандыгы аныкталган.
Мындан тышкары 4 миллион 809 миң сомго резервдер жана бюджеттин жоготуулары белгиленди.