ЖКнын кошумча төлөмдөрүнүн өлчөмү негизги эмгек акыдан 2,5 эсе ашты

06.09.2021, 12:30 Акчабар
ЖКнын кошумча төлөмдөрүнүн өлчөмү негизги эмгек акыдан 2,5 эсе ашты

Ушул жылдын январынан августуна чейин Жогорку Кеңештин борбордук аппараты боюнча бюджеттин чыгашасы 356,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу "Ачык бюджет" порталынан маалым болду.

Негизги эмгек акы 72,1 миллион сомду түздү. Мында жөлөкпулдар, кошумча төлөмдөр жана компенсациялар негизги эмгек акыдан 2,5 эсе - 181,7 миллион сомдон ашты.

Пенсиялык фондго, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү 38,3 миллион сомду түздү. ЖКнын өкүлчүлүктөрүнүн чыгымдары 36,5 миллион сомдон ашты.

 

Тэги: Жогорку Кенеш надбавки бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу