Коммерциялык банктардагы мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялардын көлөмү дээрлик 2.6 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу КР УБ билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпы насыя портфелдин ичинен (144.2 млрд сом), 62.1 млрд сом - 1-3 жылдык мөөнөткө алынган насыя, 58.8 млрд сом - узак мөөнөткө алынган насыя түзөт.
Дээрлик 13 млрд сом 6-12 айга берилген, 4.4 млрд сом - 3-6 айга, 2 млрд сом - 0-1 айга чейинки мөөнөт менен берилген.