Суу чарба кызматына кошумча 1,5 млрд сом бөлүнөт

13.09.2023, 15:00 Акчабар
Суу чарба кызматына кошумча 1,5 млрд сом бөлүнөт

Быйыл Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын чыгашалары 5 млрд 607,1 млн суммасында каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Анын ичинде бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар 2 млрд 837,7 млн сомду, ал эми мамлекеттик инвестициялык каражаттар 2 млрд 769,4 млн сомду түзөт. Бюджеттик каражаттардын эсебинен ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 162,1 млн сом каралган. 2023-жылдын 31-августуна карата 100% каржыланган. 

Жыл ичинде төмөнкү багытарга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган: 

  • Эмгек акы жана Социалдык фонд статьялары боюнча 500,9 млн. сом;
  • Экскаваторлорду сатып алууга 199,4 млн сом;
  • Ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине 800 млн сом. 2023-жылдын 31-августуна карата 446,8 млн сом каржыланды.

“Жакынкы жылдары Финансылык-кредиттик фонд тарабынан Суу кызматына атайын техникаларды сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнсө, анын 350 млн сому жыл аягына чейин бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу