Улуттук энергохолдинг: суукка байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти

14.12.2020, 14:55 Акчабар
Улуттук энергохолдинг: суукка байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти

Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу  маалымат жыйында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине электр энергия тармагы даяр.

«Оңдоп-түзөө иштери 100%га аткарылган. Ноябрь айынан бери суук болгондугуна байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти. Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Сутка ичинде 68 миң 800 МВт энергия колдонулду», - дейт ал. 

Бердиев автоматтык өчүрүү, коргоочу жабдуулар иштеп кетпеси үчүн жарандардан электр энергия менен үйдү жылытпай, көмүр, газды колдонууга чакырат.

 

«Кыргызстанда ноябрь айында 36 млн кВт энергия сапталган», - деп белгиледи ал.

 

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК башкы директору Эмил Куданалиев кошумчалагандай, кечээ электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3 миң 240 МВтка жетти.

 

«2020-жылдын 29-январында 3 миң 224 МВтка жетти. Бирок ал учурда абанын температурасы -20...-30 градуска жеткен. Азыр -10 градус эле болууда. Өкмөттүн токтому менен электр энергиянын лимити түзүлгөн. Декабрдын лимити 1 млрд 886 млн кВт саат. Электр энергиянын керектөө ошол эле коңшу Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да өсүүдө», - деп айтты Куданалиев.

Тэги: төрага Асхат Бердиев Электр энергия суук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×