Бишкектин Свердлов районунун акимиаты районду санитардык тазалоо кызматына аутсорсингге тендер жарыялады. Пландалган сумма 31 млн. 888 миң 750 сомду түзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сунуштар 2023-жылдын 6-июлуна чейин кабыл алынат.
Ишти бүтүрүү мөөнөтү келишим түзүлгөндөн тарта 6 ай.