Жоюлуп кеткен финансы полициясынын мурунку жетекчиси Сыймык Жапыкеев Ыссык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди.
Буга чейин Сыймык Жапыкеевге Финансы полициясынын генерал-майору наамы ыйгарылган.