Сыртка товар экспорттоонун үч жаңы маршруту иштелип чыкты

24.11.2022, 13:26 Акчабар
Сыртка товар экспорттоонун үч жаңы маршруту иштелип чыкты

Кыргызстан товар жүгүртүүнүн жана экспорттун көлөмүн туруктуу көбөйтүү максатында үч жаңы альтернативдик маршрут иштеп чыга баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда парламенттин бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Жапаровдун айтымында, ар бир багыт анализделип бүтүп, биринчи товарлар жөнөтүлдү:

“Биринчиси – Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Каспий деңизи аркылуу Орусияга жана Азербайжанга чыгуу. Мисалы, бул маршрут аркылуу Орусияга товар ташуубуз азыркы маршрутка салыштырганда убакыттан утуп жатабыз жана арзан болот деген эсептөөлөрүбүз бар. Анткени Түркмөнстнда дизель майынын баасы арзан. Азыр Казакстан дизелди кескин кымбаттатып жиберди. Экинчи маршрут – Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран. “Бандар Аббас” портуна жол ачуу. Үчүнчүсү – Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан. “Карачи” портунан ары Индияга чыгуу”.

Ошондой эле, Жапаров геосаясий абал, санкциялар, пандемия Кыргызстанды оор абалга кептегенин белгиледи. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу