Тажикстандын бийлиги Дүйнөлүк банктын курамына кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 11.3 млн доллар каражат алат. Бул тууралуу SNG.Today порталы Тажикстандын финансы министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.
Алынган каражаттар COVID-19 илдетинин жайылышына ыкчам чара көрүү үчүн жумшалат.
Тийиштүү макулдашуу Тажикстандын финансы министри Каххорзод Файзиддин Саттор менен Дүйнөлүк банктын Тажикстандагы өкүлү Ян-Петер Олтер ортосунда кол коюлган. Программа саламаттыкты сактоо системасын колдоого жана социалдык коркунучтун алдын алууга багытталган.