Таиланд туристтерди июль айынан баштап кабыл алууну көздөөдө

29.06.2021, 10:20 Акчабар
Таиланд туристтерди июль айынан баштап кабыл алууну көздөөдө

Таиланд Пхукетке туристтерди кабыл алууну 2021-жылдын 1-июлунан баштап жандантууну мерчемдөөдө. Таиланддын туристтик башкармалыгы билдиргендей, курортторго эмдөөдөн өткөн туристтер гана кире алат.

Пхукеттен сырткары Краби, Пхангнга, Паттайю, Чианг Май, жана Бури Рамда акырындык менен эс алуу жайлары ачылат.

Таиландга эркин баруу үчүн туристтер Таиланддын саламаттык сактоо министрлигинде катталган же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген вакциналардын бири менен COVID-19га каршы толук эмдөө сертификатын көрсөтүшү керек.

Мындан тышкары, туристтер ПЦР тестин жана суммасы 100 миң доллардан башталган медициналык камсыздандырууну көрсөтүшү керек.

Пхукетте туристтер аралдын айланасында ээн-эркин жүрө алышат жана туристтик жайларга барса болот, бирок Самуи, Пханган жана Тао аралдарында саякатчылар алгач чектелген кыймылда болушат.

Тэги: экономика туризм Таиланд мировая экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу