Тажикстан дан, буурчак азыктарын экспорттоону убактылуу токтотот

27.04.2020, 11:30 Акчабар
Тажикстан дан, буурчак азыктарын экспорттоону убактылуу токтотот

Тажикстан дан, буурчак, эт, жумуртканы чет жакка экспорттоону убактылуу токтотот. Бул тууралуу Asia-Plus порталы билдирди. 

Белгиленгендей, тиешелүү чечим 25-апрель күнү Республикалык штабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Экспортту убактылуу токтото туруу - дүйнөдөгү экономикалык, социалдык абалга байланыштуу өлкөдөгү азык-түлүк запастарын сактоо максатында болгон. 

25-апрелде чыккан чечимге ылайык, күрүч, буурчак, картошка ж.б. биринчи кезекте керектелүүчү азыктарды экспортттого тыюу салынды. 

 

Эске сала кетсек, Тажикстанда саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны каттала элек. 

Тэги: Тажикстан экспорт тыюу салынды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу