2019-жылы Тажикстандын Ички дүң продукциясы 77,3 млрд сомонини (7,9 млрд доллар) түздү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат сайты Тажикстандын телеграф агенттигинин шилтемесине таянуу менен жазып чыкты.
«Мурда белгиленгендей, өлкө калкынын саны 9,5 млн кишини түзөт. ИДПны ар бир жаранга бөлгөндө 8 миң 130 сомониден (болжол менен 840 доллар) туура келет», - деп жазат агенттик.
Бул жылы өлкө ИДПсы 78,2 млрд сомони (8 млрд доллар) болору божомолдонууда.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Тажикстандын ИДПсы 68 млрд 844 млн сомонини түзгөн (бир адамга 7 миң 565 сомониден туура келген).