Кыргызстанда айрылып калган же техникалык талаптарга жооп бербеген желек, гербди колдонуу үчүн айып салуу сунушталды.
Экономика министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, административдик айыптын өлчөмү физикалык жактарга 3 миң сомду, юридикалык жактарга 13 миң сомду түзөт.
Чиновник белгилегендей, мамлекеттик символдорду даярдоо жана колдонуу боюнча мыйзамдуу талаптар бар, бирок алар айрым учурда колдонулбай келет. Бул мыйзам долбоорду парламенттин профилдик комитети карап, биринчи окууда жактырды.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.