Талас облусунун экспорту 271%га өстү

14.09.2023, 11:23 Акчабар
Талас облусунун экспорту 271%га өстү

Ушул жылдын январь-июль айларында Талас облусу 102 млн 546,3 миң сомго товар экспорттогон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 271,1%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук Статистика комитетинин маалыматы тастыктайт.

Эске салсак, 2022-жылдын жети айында Талас облусунун экспорту 27 млн 629,9 миң сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, райондордун ичинен эң көп Талас району 90 млн 348, 5 миң сомго экспорт жасаган. Экспорт дээрлик 44 эсе өссө, төмөндөө 66,7%ды түзгөн. 2022-жылы 2 млн 59,2 миң сомго товар экспорту болгон.

Ал эми быйыл Манас району эң төмөнкү экспорттук көрсөткүчкө ээ болгон. Манас районунун экспорту быйыл болгону 208,6 миң сомду түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу экспорт 77,6% кыскарган.

Ошондой эле, Айтматов районунда экспорттун көлөмү кыскарган. Тагыраагы, 2022-жылы жети айда 12 млн 821,6 миң сомго товар экспорттосо, быйыл ал 3 млн 213,9 миң сомду гана түзгөн. Товар экспорту дээрлик 4 эсе кыскарган.  

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу