Талас районунда бир нече чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бекмолдо айыл аймагында кубаттуулугу 18 мегаватты түзгөн гидроэлектрстанция салынат. Жерге-Тал айыл аймагына курула турган чакан ГЭС 5 мегаватты түзөт.
Ал эми Көк-Ой айылында 125 мегаваттык күн электр станциясы пайда болот.
Объекттердин курулуш иштери эки жылдын ичинде аяктайт. Каражат ички жана тышкы инвесторлор тарабынан бөлүнөт.