Селден улам Талас облусунун Талас районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ, 22-апрелде аталган райондун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылы, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылы жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматы кырдаалды жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатат.
Ал эми Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашык техника тартылды.
Аймакта 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган. Облуста өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Кошумчаласак, жаандын айынан Жалал-Абаддын бир нече райондорун да сел суулары каптады.