Талас жана Чүйдөгү айыл өкмөттөр 3 млн сомго чейин грант алышты

29.05.2023, 13:56 Акчабар
Талас жана Чүйдөгү айыл өкмөттөр 3 млн сомго чейин грант алышты

"Helvetas" жана Өнүктүрүү саясат институту (IDP) ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Чүй облусунун 14 айыл өкмөтү жана Талас облусунун 19 айыл өкмөтү 200 миң сомдон 3 млн. сомго чейин грант алышты. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланды. Бул каражат быйыл жыл башынан бери иштелип чыккан “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууга жумшалат.

“Долбоордун алкагында аймактарда ичүүчү суу кызматтарын жакшыртуу, мектепке чейинки билим берүү, китепканалар, жарыктандыруу, балдардын жана жаштардын бош убактысын уюштуруу, дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү ж.б. жумшалат”, - деп айтылат маалыматта. 

Калган 2 грант муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында бөлүнүп, анда Чүй облусунда 4 айыл өкмөтү, Талас облусунда 2 айыл өкмөт бириктирилген. Алардын долбоорлору аймактардагы эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири – таштандыларды чогултуу жана чыгарууну чечүүгө багытталмакчы.

Долбоор Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, 2021-2022-жылдары Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 54 айыл өкмөтү грант алып, жергиликтүү калкты тейлөөнү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырышкан. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу