Кечээ, 29-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында “Социалдык келишим” боюнча жеке бизнесин ачууну чечкен жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон тапшырды. Бул тууралуу тиешелүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр 110 үй-бүлөгө сертификаттарды тапшырды.
“Былтыркы “Социалдык келишим” ишке ашыруунун мониторингине ылайык, жактырылган бизнес-пландардын 59% айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24% тигүү, темир — бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган. Алынган каражаттардын дагы 10% коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж жана башка кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. Дагы 7% соода тармагында иштешет”, - деди министр.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир “социалдык келишим” орточо беш адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, быйыл мамлекет “Социалдык келишим” боюнча 10 миң келишим түзүп, 50 миңдей адамдын жашоо шарттын жогорулатууга ниеттенүүдө.