Таласта 6 млн сомдон ашык каражатка спорт мектеби оңдолду

22.03.2023, 14:50 Акчабар
Таласта 6 млн сомдон ашык каражатка спорт мектеби оңдолду

Талас шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин бокс залы жаңыланып ачылды. Аталган спорттук мектепти оңдоп-түзөө үчүн “Алтын Альянс” өнүктүрүү фонду жалпы суммасы 6 126 872 сом акча каражатын бөлгөн. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Талас шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинде 2022-жылдын 25-июнунда өрт кырсыгы болуп, жараксыз абалга келген. Оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү жумуштары өз убагында тыкыр көзөмөлдүн негизинде аткарылып, 2023-жылдын 20-март күнү аталган спорт мектебинин ачылыш аземи өттү.

“Капиталдык оңдоп- түзөө иштеринин алкагында аталган объекттин айланасы толук ирээтке келтирилип, имараттын чатыры сапаттуу темир фермалар менен жабылып, заманбап спорттук инвентарлор менен камсыздалды”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу