Таласта мамлекеттик кызматкерлер 6 млн сомду кымырып алган

19.04.2024, 11:26 Акчабар
Таласта мамлекеттик кызматкерлер 6 млн сомду кымырып алган

Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында бюджеттик акчаларды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган ишканада 6 млн сомдон ашык акча негизсиз эсептен чыгарылып, уурдалган.

Бул фактыга байланыштуу ишкананын жетекчилиги менен кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Талас мамлекеттик кызматкерлер коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу